Чымындардын төрөсү (англ. Lord of the Flies) — англиялык жазуучу жана Нобел сыйлыгын алган Уилям Голдиңдин 1954-жылы жарык көргөн романы.
Китеп эч ким жашабаган аралга түшүп калган британиялык балдардын тобун жана өздөрүн башкарыш үчүн кылган алардын коркунучтуу аракеттери тууралуу баяндайт.
1954-жылы басылып чыккан "Чымындардын төрөсү" Голдиңдин биринчи романы. Ал 1955-жылы Америка Кошмо Штаттарында үч миң нускадан азыраак сатылып, ошол убакытта көп деле ийгиликке жетишпесе да кийинчерээк ал бестселлерге айланган. Чыгарма эки жолу англис тилиндеги (1963-жылы Питер Брук, 1990-жылы Гарри Хук тарабынан) жана бир жолу филиппин тилиндеги (1975) тасмаларга ылайыкташтырылган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Чымындардын төрөсү, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.