Хоббит: Беш аскер күчүнүн салгылашы (англ. Hobbit: The Battle of the Five Armies, орус.
Режиссеру Питер Жексон. Тасманын сценарийин жазгандар Петер Жэксон, Фрэн Уэлш, Филиппа Бойенс жана Гуллермо Дел Торо. Бул Жон Роналд Руэл Толкиндин 1937-жылы жарык көргөн "Хоббит" романына негизделип тартылган үчилтиктин акыркы сериясы. "Күтүлбөгөн сапар" (2012) жана "Смаугдун ээн талаасы" (2013) тасмаларынан кийин тартылган "Беш аскер күчүнүн салгылашы" баары биригип Жэксондун "Шакектер ээси" үчилтик тасмасынын башаты (приквели) болуп эсептелет. Кинотасма New Line Cinema, Metro-Goldwyn-Mayer жана WingNut Films компаниялары тарабынан тартылып, Warner Bros. Pictures компаниясы тарабынан жайылтылган. "Беш аскер күчүнүн салгылашы" 2014-жылдын 11-декабрында Жаңы Зеландияда, 12-декабрында Улуу Британияда жана 17-декабрда АКШда кинотеатрларда көрсөтүлө баштаган. Тасмада Мартин Фриман, Айан Маккеллен, Ричард Армитиж, Эвангелина Лилли, Бенедикт Камбербэтч, Ли Пейс, Лук Эванс, Кен Стотт жана Жэймс Несбитт образдарды жаратышкан. Ошондой эле Кейт Бланшетт, Иэн Холм, Кристофер Ли, Хюго Уивиң жана Орландо Блум ролдорду аткарышкан. Тасма бир беткей ой-пикирге ээ болгон эмес жана дүйнө жүзү боюнча 956 млн доллардан ашуун каражат топтой алган. Бул 2014-жылдын эң көп киреше алып келген 2-тасмасы болуп калган, ал эми жалпы жонунан эң көп киреше алып келген кинотасмалардын ичинен 38-орунга чыккан. 87-Оскар сыйлыгынын "Эң мыкты үн монтажы" номинациясына көрсөтүлгөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Хоббит: Беш аскер күчүнүн салгылашы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.