Химиялык Реакциялар

Химиялык реакциялар — бир же бир нече зат тышкы таасир (температура, басым жана башкалар) же белгилүү шартта өз ара аракеттенишүүнүн натыйжасында курамын жана касиетин өзгөртүп, башка заттарга айлануу процесси.

X. р. ядро реакцияларынан өз ара аракеттенишкен системада атомдор жалпы санынын жана химиялык элементтер изотоптук курамынын өзгөрбөгөндүгү менен айырмаланат. X. Р. жүрүшүндө бир зат (реагент) экинчи затка (курамы жана касиети баштапкы затка окшобогон) айланышы химиялык теңдемелер түрүндө жазылат. X. р. түрдүү белгилерине жана химиялык кайсы тармагы боюнча изилденгенине жараша классификацияланат. Мисалы, экзотермикалык, эндотермикалык, гомогендүү, гетерогендүү (хим. термодинамика), кайталанма жана кайталанбас (хим. кинетика) жана башка каталиттик реакциялар өзүнчө чоң топту түзөт. Ошондой эле реакцияга катышкан бөлүкчөсү боюнча да моно-, эки-, үч мол-лык, иондук фотохим. жана уланма реакциялар болуп бөлүнөт. Орг. эмес хим-да X. р. ага катышкан бирикмелер тибине жана өз ара аракеттенүү мүнөзүнө карата бөлүү кеңири таралган. Мисалы, ажыроо, биригүү, орун алмашуу, нейтралдашуу, окистенүү калыбына келүү реакциялары жана башка Орг. хим-да аталган реакциялардан тышкары полимерлешүү, конденсация, изомерлешүү, циклденүү реакциясы жана башка X. р. кездешет.

Колдонулган адабияттар

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Жан Батист ЛамаркКыргыз аттарыФантастикаМедицинаУлуу Кыргыз ДөөлөтүФизикалык чоңдуктардын бирдиктериШатман СадыбакасовБоз үйКилем токууСасык тумооЖаңыл МырзаРыскулов Акбар (Токтомамбетов Акбар)Амир ТемирКыргызстанда медицина илимдериФотосинтезТери ооруларыАбсамат МасалиевКоруктарКаакым-кукумСууга чөгүүКасымалы БаялиновДаван мамлекетиАбиотикалык факторлорТукум куугучтукАбдыкерим СыдыковОмонимПсихологияЧайБенжамен Блумдун таксономиясыЭкосистемаӨнөр жайАк канБашкы баракИч көбүү (метеоризм)Кыргызстан көмүр кендериНүзүп бий Эсенбай уулуАраван районуКан агууКөзБразилиаОсмон империясыМундуз (уруу)Куйручук (Кудайберген Өмүрзак уулу)ЛексикаТиричиликТаш дооруДидактикалык чыгармаларИлимТүрк кагандыгыЛейлек районуОрганизмТогуз коргоол«Манасчылар»Турусбеков ЖусупДилбаянЗат атоочСадыр ЖапаровАфрикаБир клеткалуу организмдерАксы районуКыргыз автономиялуу облусуБиринчи мугалимКыргыздардын байыркы мамлекети жана Ата ЖуртуЖалпылагыч категорияАктМаданиятТишХимиялык реакцияларКамсыздандырууНамазРепортажТатаал сөздөрЗилзала (чыгарма)МектепМаркетингЭлектрондук почтаЖөтөлгө каршы дарыларЭлектр тогуТажикстан🡆 More