Фон, джеджи, дагомеялыктар, чыгыш эве (өздөрүн фонгбе деп аташат) — Батыш Африкадагы эл.
Эве элине жакын. Бениндин түштүгүндө жана Нигериянын түштүк-батышында жашайт. Аз сандуу топтор Тогодо бар.
Жалпы саны 3,5 млн адам.
Фон | |
| |
Fon | |
---|---|
Мамлекеттер жана аймактар | |
Бардыгы: 3,5 млн | |
Тили | |
Дини | христиандар (католиктер) жана мусульмандар |
Расалык тиби |
Эне тили — фон. Нигер-конго макробүлөсүнүн ква тил уясына кирет.
Көпчүлүгү француз тилин билишет.
Фон эли салттуу ишенимдерди (ата-бабаларга сыйынуу, асман, жер кудайларына сыйынуу ж.б.) сактап калган. Алардын ичинде Вуду культу кеңири таралган.
Бир аз христиандар (католиктер) жана мусульмандар бар.
Негизги салттуу кесиптери кол менен иштетилген тропикалык жер чарба (маниок, ямс, жүгөрү, батат, жер жаңгак) жана майлуу пальма жемиштерин чогултуу, ошондой эле балык уулоо болуп саналат.
Фон 17 кылымда пайда болгон Дагомея мамлекетинин этникалык өзөгүн түзгөн. Ал мамлекет кул сатуу эсебинен көтөрүлгөн. 19 кылымдын аягында француз колонизаторлору басып алышкан.
Салттын негизинде коомдук уюм — уруу башчылары, айылдык жана көп үй-бүлөлүү жамааттар, аталык уруулук уюм; көп аялдуулук, сорорат жана левират кеңири таралган.
Салттуу сокмо үйлөр тик бурчтуу, чатыры (чөп, чий, камыш менен жабылган) бар.
Жыгачтан жана пилдин сөөгүнөн көркөм оюу өнүккөн.
https://bigenc.ru/ethnology/text/4716904 Archived 2022-07-11 at the Wayback Machine
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Фон (эл), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.