Улутчулдук

Улутчулдук - улут мамилелеринде ички жана тышкы экстремисттик күчтөрдүн таасири астында пайда болгон бөлүнүп-жарылууну үгүттөгөн идеология жана саясат, ошондой эле калган улуттарды теңсинбөөгө негизделген психология.

Улутчулдук улут арасында ишенбөөчүлүктү, касташууну пайда кылат. Улутчулдук улуттардын калыптануу процессинде жаралган жана учурдагы рыноктун теңтайлашуу процессинин өзгөчүлүктөрү менен шартталган.

Дүйнөлүк масштабда эки түрдө байкалат:

  • 1) дүйнөгө үстөмдүк кылган улуу державалардын башка, көз каранды улуттарга кемсинтүү мамилеси менен мүнөздөлгөн, экономикалык жана аймактык маселелерде өздөрүнүн кызыкчылыктарын чечүүгө умтулган саясат;
  • 2) адам укугуна ж. б. социалдык маселелерге таянып, улут аралык чыр-чатакты ырбатуу аркылуу айрым жаңыдан калыптанып келе аткан мамлекеттерди ар тараптуу күңкөр кылууга умтулуу. Учурда Улутчулдук ар түрдүү диний ж. б. экстремисттик күчтөрдүн таасиринде калып, анын калдыктары белгилүү мезгилге чейин адамдардын аң-сезиминде, жүрүм-турумунда сакталышы мүмкүн, к. Экстремизм.

Колдонулган адабияттар

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Амин кычкылдыктары (аминокислота)Кыргызстандагы коло дооруБруцеллёзСалык саясатыРоботЯндексМеталл эместерЕвропаКомузБайыркы РимКубатбек ЖусубалиевПрокуратураТабигый ресурстар, жaратылышКан агуу«Замана» агымыКылым карытар бир күнМахмуд КашгариШвейцарияБиоценозМоскваУнитардык мамлекет«Кыргыз» этнонимиАк Мөөр (поэма)Бириккен Улуттар УюмуКалендарьХимиялык булаларКыргызстандын чек аралары«Көкөтөйдүн ашы»ЧабалекейлерКүн тутумуИталияСуу ЧечекӨрт коопсуздугуКыргыз сомуТоктогул СатылгановТянь-Шандын түштүк тизмегиОрганикалык химияАйлардын кыргызча аталышыБашкаруу байланышыТогуз коргоолТиричиликтин пайда болушуМарсБакайЖүрөк-кан тамыр тутумуШамалЖусуп АбдрахмановСуюктукАмир ТемирАбстрактуу түшүнүкӨнөр жайАлюминийКыргызстан алтын кендериФранцияЖандоочАтама сүйлөмКонвенцияТөл сөзЖогорку окуу жайыИманалы АйдарбековПедагогикаЖакшылыков АсанЫсык-Көл мамлекеттик коругуЛатын АмерикасыАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичОрхон-Енисей жазуусуКараханийлер мамлекетиОй жүгүртүү (философия)ИндияАйыл чарбаны коллективдештирүүФилософияФизикалык чоңдуктардын бирдиктериТери ооруларыСоветтер Союзунун баатырыАлыкул ОсмоновУлуу Британия🡆 More