Түштүк парк (англ.
Тасманы Трей Паркер жана Мэтт Стоун тартышкан жана Брайан Граден аны Comedy Central каналы үчүн өндүргөн. Бул телесериал- Стан Марш, Кайл Брофловски, Эрик Картмен жана Кенни МакКормиктин жашоолорундагы окуяларды чагылдырып, алардын Колорадо шаарындагы укмуштуу жоруктарын баяндайт. "Симсондорго" (англ. The Simpsons) көп окшоштугу бар "Түштүк парк" сериалында көп сандаган каармандар катышат жана ал чоңдорго арналган ар түрдүү темадагы кара юмор жана сөгүшүүлөрдү камтыгандыгы менен белгилүү.
Контролдук эпизоддор кесилген анимациянын негизинде тартылып, кесилген сүрөттөр компүтердин негизинде жандандырылган. Тасмадагы эркек каармандардын көпчүлүгүнө Паркер жана Стоун үн коштошкон. 2000-жылдан бери тасманын башкы жазуучусу жана режиссеру Паркердин жардамы менен ар бир эпизод бир жуманын ичинде жазылып жана тартылат. "Түштүк парктын" жыйырма сезонунда толугу менен 277 эпизод бар. Телесериалдын жыйырманчы сезонунун премьерасы 2016-жылы, 14-сентябрда өткөн. Ал эми 21-сезондун премьерасы 2017-жылы, 13-сентябрда өтөт.
"Түштүк парк" көп сандаган сыйлыктарга ээ болгон. Алардын арасында беш " Primetime Emmy Award", бир "Peabody Award" жана бир нече басылмалардын тизмесинде эң мыкты телеберүү деген наамга жеткен. Телесериал жараткан ийгилик "Түштүк парк: чоңураак, узунураак жана кесилбеген" (англ. South Park: Bigger, Longer & Uncut) аттуу тасманын тартылышына себепкер болгон жана ал телеберүүнүн алгачкы премьерасынан эки жыл өппөй 1999-жылы, июнда жарыкка чыккан. Тасма чыккандан кийин жогорку кирешеге ээ болгон жана жакшы сын-пикирлерге ээ болгон. Жада калса "Оскар" наамына көрсөтүлгөн. 2013-жылы, TV Guide "Түштүк парк" сериалын тизмедеги "Эң мыкты 10- мультфильм" деп атаган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Түштүк парк, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.