Тибр – Апеннин жарым аралындагы эң чоң дарыя.
Италияда. Узундугу 405 км, алабынын аянты 16,5 миң км2. Апеннин тоолорунан башталып, Маррема түздүгүнөн агып өтөт да Тиррен деңизине куярда дельта пайда кылат. Жамгыр сууларынан куралат. Орточо чыгымы 260 м3/сек, кышында кирет, кээде ташкындайт. Негизинен сугатка пайдаланылат, төмөнкү агымында кеме жүрөт. Чыгыш жээгинде Рим шаары орун алган. Тибрдин алабында ГЭСтер жана байыркы замандан сакталып калган көпүрөлөрү (Фабриций, Ыйык Периште ж. б.) бар. Табигый «Тибр дарыясы» паркы уюштурулган. Экологиялык туризм өнүккөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Тибр, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.