Соссюр Фердинанд Монжин де (1857-1913) - швейцариялык тилчи.
1891-жылдан Женева университетинин профессору. «Инди-европа тилдериндеги алгачкы үндүүлөр системасы жөнүндө мемуар» (1879) деген эмгеги менен бүткүл дүйнөгө таанылган.
Литва тилинин акцентологиясы боюнча изилдөө иштеринде Ф. Ф. Фортуңатов менен бир мезгилде, бирок аны менен байланышсыз турул, балтика, славян тилдеринин басымын, интонациясын аныктаган (Фортунатов - де Соссюр закону).
Студенттерге окуган лекциясынан түзүлгөн «Жалпы лингвистика курсунда» (1916) тил илиминде алгачкы ирет тилди система (структура) катары кароону сунуш кылган (к. Структурализм). Соссюрдун философиялык көз карашы француз рационализмине (Э. Дюркгейм, Г. Тарду), тилдик идеялары И. А. Бодуэн де Куртенэ, Н. В. Крушевский, У. Уитниге жакын.
Соссюрдун тилдик теориясы семиогика, антропология, адабият таануу жана эстетикага да таасир тийгизди.
Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Соссюр Фердинанд Монжин де, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.