Сеп алдырма дарылар - борбордук нерв системасына тынчтандыруучу таасир берүүчү дарылар.
Негизинен аларга синтезделген (мисалы, бромиддер) же өсүмдүктөрдөн (мисалы, мышык тамыр, дүлөй чалкан) алынган түрдүү каражаттар кирет. Алар невроздорду дарылоодо колдонулат. Бромиддер организмде бром иондоруна бөлүнүп, борбордук нерв системасында тормоздоо процесстерин күчөтөт, козголуу менен тормоздоо процессинин өз ара байланышын кайра калыбына келтирип, жөнгө салат. Анда кишинин туталанып, капаланганы жоголуп, уйкусу оңолот. Бромиддер менен дарылоо оорулуунун жогорку нерв ишинин тибине жараша жүргүзүлөт. Бул дарылар организмден жай бөлүнүп чыгат. Көп убакыт колдонуудан бромизм пайда болот. Анда кишинин уйкусу келип, эси начарлап, сабыры суз болот, териде майда темгил чыгат, жөтөлөт, конъюнктивит болот, мурун бүтөт. Бромизмдин белгилери пайда болсо, дары ичүүнү токтотуу зарыл.
Мышык тамырдын препараттары (тундурма экстракт, маңыз) бромиддерге окшош таасир берет. Мышык тамырдын таасир этүүчү негизги заттары - изовалериан жана валериан кислоталары. Мышык тамырдын препараттары ички органдардын спазмын жоготот. Ошондуктан бул дарылар жүрөк бат кагып жана ички органдардын спазмы менен мүнөздөлгөн невроздорду дарылоодо колдонулат. Мындай ооруларда корвалолду да берсе болот. Сеп алдырма дарылар врачтын сунушу боюнча гана колдонулат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Сеп алдырма дарылар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.