Семит тилдери - африка-азия же семит-хамит тил уясынына бир бутагы.
Бул бутактагы тилдер көбүнчө Ирак, Египет, Сирия, Алжир ж. б. араб өлкөлөрүнө, Израилге, Малиге, Эфиопияга, Эритреяга таралган. Түштүк (араб, мальта, Түштүк Аравиядагы мехри, шахри, сокотра ж. б. тилдер; геэз же эфиоп, амхара, тигринья, тигре, аргобба тилдери) жана түндүк-батыш (иврит - Израилдин азыркы мамлекеттик тили, жаңы арамей тили) деген топтору бар.
Семит тилдерине мүнөздүү белгилер: үндүү тыбыштары аз; үч түрдүү (жоон, каткалаң жана «эмфатикалык» - күч менен айтылчу) үнсүз тыбыштар учурайт; уңгу сөздөрү көбүнчө сөздүн негизги маанисин туюнтуучу үч үнсүз тыбыштан турат; мүчөлөр болсо сөз маанисин тактоо же грамматикалык маани туюнтуу милдетин аткарат.
Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Семит тилдери, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.