Рио-Гранде Республикасы (исп.
Рио-Гранде Республикасы República del Río Grande таанылбаган мамлекет | |||||||
| |||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|
| |||||||
Борбор калаа | Ларедо | ||||||
Тил | испанча | ||||||
Дин | католицизм | ||||||
Акча бирдиги | песо | ||||||
Аянт | 300,000 км² (115,831 квадратных миль) | ||||||
Башкаруу формасы | республика | ||||||
Президент | |||||||
- 17 январь - 6 ноябрь 1840 | Хесус де Карденас | ||||||
1821- жылы он жылдык күрөштөн кийин Мексика Испаниядан көз карандысыздыкка ээ болгон . Монархиялык башкаруу формасын киргизүү аракети ийгиликсиз болгондон кийин, 1824- жылы Мексикада жаңы конституция кабыл алынган. Бул конституциянын талаптарына ылайык Мексика Кошмо Штаттары (исп. Estados Unidos Mexicanos) деп аталган Америка Кошмо Штаттарына окшош федеративдүү республика түзүлгөн.
1833- жылы генерал Антонио Лопес де Санта Ана Мексиканын президенти болуп шайланган жана ал кызматынынын башында Мексиканын федеративдик статусун колдогон.
Бирок өкмөттүн айрым мүчөлөрү президенттин жаңы саясий өнөктөштөрүнө каршы чыккандан кийин Санта-Ана бирдиктүү борборлоштурулган мамлекетти түзүү процессин баштоону чечип, Мексиканын конституциясын мыйзарынын иштөөсүн токтотуп, Конгрессти таркатып, ошону менен эле диктатордук ыйгарым укуктарды өз колуна топтогон.
Бул бүткүл өлкө боюнча козголоңдорго жана сепаратисттик кыймылдарга алып келген, алардын эң ийгиликтүүсү Техас революциясы болгон. Сакатекас Республикасынын жана Юкатан Республикасынын Мексикадан бөлүнүү аракеттери ишке ашкан эмес. Ошол эле учурда өлкөдө кулчулукту жайылтууга умтулган түрдүү бандалар пайда болгон. Көтөрүлүштөрдү жана сепаратисттик кыймылдарды баштаган көптөгөн каудильолор да аймактарды күч менен басып алууга катышкан.
1840-жылдын 17-январында Ларедо шаарына жакын жайгашкан Оревенья ранчосунда (исп. Oreveña ) Коауила, Нуэво-Леон и Тамаулипас штаттарынын саясатчыларынын жолугушуусу болгон. Алар федералдык өкмөткө каршы көтөрүлүштү баштоону, Мексикадан бөлүнүүнү жана борбору Ларедо шаары болгон, үч штаттан турган жаңы федерацияны түзүүнү максаташкан. Бирок үч штаттын конгресстери да, өкмөттөрү да бул саясатчылардын пландарын колдошкон эмес жана Мехикодогу федералдык өкмөттөн жардам, козголоңду басуу үчүн аскерлерди тартууга уруксат сурашкан.
Козголоңчулар өз өкмөтүн түзүшкөн:
Жолугушуудан кийин коопсуздукту сактоо максатында Тамаулипас штатындагы Нуева-Сьюдад-Герреро шаарына барышкан. 1840-жылдын мартында Моралес салгылашуусунан кийин бул убактылуу өкмөт Техастагы Виктория шаарына көчүп, ал жерде козголоңчулар жеңилип жана жана бул республика жоюлганга чейин болушкан.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Рио-Гранде Республикасы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.