Рейн университети Ф.
Вильгельм атындагы – Германиянын Бонн шаарында жайгашкан ири окуу жайлардын бири. 1818-жылы Ф. Вильгельм тарабынан негизделген. Окуу планы эл аралык жогорку деңгээлдеги программада түзүлгөн. Окутуу немец, англис жана француз тилдеринде жүргүзүлөт. 130дан ашык мамлекеттен келген студенттердин саны 6 миңге жетет (2014). Тарых, философия, медицина, химия, математика, техника, экономика, социология ж. б. бир нече тармактык факультеттери бар жана ар бир багыт боюнча институт жана борборлор ачылган. A. В. Шлегель, Э. М. Арндт, К. Аденауэр, М. Эрнст, И. П. Геббельс, Г. Гейне, К. Маркс ж. б. дүйнөлүк белгилүү инсандар ушул Рейн университетинен билим алышкан.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Рейн университети Ф. Вильгельм атындагы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.