Пелопоннес – Грекиянын түштүгүндөгү жарым арал, Балкан жарым аралынын негизги бөлүгү менен Коринф мойногу аркылуу туташат.
Аянты 21,5 миң км2. Жээктери булуң-буйткалуу. Тоолор (эң бийик жери 2404 м, Айос-Илиас чокусу) басымдуу. Пелопоннестин орто бөлүгүндө карст рельефтүү Аркада бөксө тоосу жайгашкан. Жер ортолук деңиздик бадалдар (маквис, фригана), токойлор өсөт. Пелопоннес – ошондой эле тарыхый-географиялык аймак. Анда антика доорунун архитектурасы сакталган. Патры, Коринф, Спарта шаары, Олимпия, Микены шаарынын урандылары бар.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Пелопоннес, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.