Омуроо буттуулар, брахио-поддор (лат.
Уз. 10 лиге жетип, курсак жанa жөн жагынан кош капкалуу, аки таштуу раковина менен капталган.
Капкалар жонунан байламта аркылуу өз ара биригип турат. Топуракка сабакчасы менен бекийт. Омуроо буттуулардын денеси раковинанын арт жак бөлүгүндө орношкон; анын мантия төшөлгөн алдыңкы белүгүн эки өсүндү — «колдор» ээлейт. Алардын бетинде мантияга азык бөлүкчөлөрдү, кычкылтек алып келе турган суу кпргизүүчү кирпикчелер капталган тинтүүрлөрү бар.
Оозу «колдордун» түбүнө жайгашкан; ичегиси туюк. Жүрөгү, кан тамырлары, нерв ж. б. органдары болот. Айрым жыныстуу; метаморфоз жолу менен өөрчүйт; сууда эркин сүзүүчү личинкасы субстратна жабышкандан кийин жаш организмге айланат. Алардын азыр жашаган 280дей түрү белгилүү. Байыркы Омуроо буттуулар кембрий мезгилинде пайда болуп, ордовиктен девонго чейин түрлөрү көбөйген. Палеозой мезгилиндеги чөкмөлөрдү стратиграфиялык жактан изилдөөдө мааниси чоң.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Омуроо буттуулар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.