Нүрнберг (нем. Nürnberg) – Германиядагы шаар.
Пегниц дарыясынынөйүз-бүйүзүндө жайгашкан. Майн – Дунай каналындагы порточо Калкы 504,5 миң (2010). Жол тоому. Метрополитен иштейт. Машина куруу, түстүү металлургия, электр-техникалык, полиграфия, жыгаччылык, жеңил өнөр жай; карандаш жана оюнчук өндүрүшү иштейт.
Алгач 1050-жылдан эскерилет. 1219-жылдан эркин империя шаары. Консерватория (1821), музейлер (Германия улуттук, транспорт, оюнчук), шаардык сүрөт топтому, кол өнөрчүлөрдүн конок үйлөрү, сүрөтчү А. Дюрердин үй-музейи (ушул шаарда туулган), опера театры (1905) бар. Император сепили (11-кылым), соңку готика стилиндеги чиркөөлөр (13–15-кылым), 15–17-кылымга таандык турак жайлар сакталган. 1945–46-жылы Нүрнберг процессинде эл аралык аскер трибуналы тарабынан 2-дүйнөлүк согуштун башкы согуш кылмышкерлери соттолгон.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Нүрнберг, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.