Нинжа ташбакалар (англ.
Teenage Mutant Hero Turtles) катары дагы белгилүү болгон, ошондой эле ӨМНТ (англ. TMNT; 1987) деп аталып келген) - Мураками-Уолф-Суенсон студиясы жана Франциялык IDDH компаниясы тарабынан чыгарылганган америкалык анимация. 1987-жылдын 28-декабрында бул анимациянын пилоттук версиясы беш бөлүктөн турган кичи тасма катары көрсөтүлгөн, ал эми 1988-жылдын 1-октябрынан тартып расмий нускасы көрсөтүлө баштаган. Ошондон бери шоу жана франшиза дүйнөгө таанымал болуп калды. Тасма Кевин Истман жана Питер Лейрд чыгарган комикстеги "Нинжа ташбакалар" жөнүндө. Уй-бүлө жана балдарга ылайыкташтыруу максатында коюу күңүрт түстөрдө тартылган комикстен олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон.
Шоу аркылуу тасманын каармандары көпчүлүккө таанылып, телекөрсөтүү тарыхында эн белгилүү анимациялардын бири болуп калды. 1980-жылдын аягында, жана 1990-жылдардын башында тасманын каармандары менен бат даярдалуучу дан кытырактары, жумшак оюнчуктар, жана башка түрдүү буюмдар пайда болгон. 1990-жылдардын башынан тартып, 2000-жылдардын аягына чейин алгачкы ак-жана-кара түстөрдөгү комикстин ордуна анимациянын негизинде түзүлгөн Archie Comics комикс китеби ийгиликтүү басылып чыгарылган. Тасманын каармандары дүйнө жүзү боюнча көп сатылган. 1990-жылдары анимациялар күн сайын 125тен ашык телеканалдарда берилип, айына 125 000ден ашык нуска комикстер сатылган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Нинжа ташбакалар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.