Нахчыван (азе.
Азербайжан Республикасындагы шаар. Нахчыванчай дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 74,1 миң (2012). Темир жол бекети. Тамак-аш, жеңил өнөр жай, электр, радио-техникалык буюмдар, эмерек, курулуш материалдар өндүрүштөрү иштейт. Таш туз казылып алынат. Азербайжан ИАнын илимий борбору. Университет, музейлер, сүрөт галереясы, музыкалык драма театры жана башка бар.
12-кылымдын архитектурасынын бермети болгон Кусейирдин уулу Жусуптун жана Момине хатундун мавзолейлери сакталган. Байыркы тургун жайлар болжол менен биздин заманга чейинки 1500-жылы сопу Ной тарабынан негизделген деп (армян жазууларына таянып) божомолдонот.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Нахичеван, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.