Мстислав Ростропович

Ростропович Мстислав Леопольдович (27.

3. 1927, Баку – 27. 4. 2007, Москва) – советтик виолончелист, пианист, дирижёр, коомдук ишмер, педагог. РСФСРдин эл артисти (1964), СССРдин эл артисти (1966). 1932–37-жылдары Москвадагы Мусоргский атындагы музыкалык окуу жайында окуган. 16 жашында Москва консерваториясына тапшырып, С. Козолуповдон виолончель, С. Прокофьев менен Д. Шостаковичтен композиция боюнча таалим алган. 1945-ж. Ростропович музыкант-аткаруучулардын III Бүткүл союздук сынагында алтын медалга ээ болгон. 1947-ж. Прагада өткөн Жаштар менен студенттердин Бүткүл дүйнөлүк фестивалында биринчи сыйлыкка татыган. 1959–74-жылдары Москва консерваториясында окутуучу, профессор (1993). 1969-ж. Ростропович жана анын үй-бүлөсү A. И. Солженицынга колдоо көрсөткөндүгү үчүн кысымга дуушар болуп, 1978-ж. Ростропович жана анын жакындары советтик жарандыктан ажыратылып, куугунтукталган. 1974-ж. Батышта Ростропович эң алдынкы дирижёрлордун бири болуп калган. 1977–94-жылдары Вашингтондогу Улуттук симфониялык оркестрди жетектеген. Мындан тышкары Берлин, Лондон филармонияларынын жана Бостон, Лондон симф. оркестрлеринин чакыруусу менен иштеген. 1990-ж. Россияга кайтып келген. 60тан ашык композитор виолончель үчүн чыгармаларын атайын Р. үчүн (С. Прокофьев, Д. Шостакович, А. Хачатурян, Л. Берио, А. Шнитке, Л. Берстайн, А. Дютийе, О. Мессиан, В. Лютославский, К. Пендерецкий, Б. Бриттен ж. б.) жазган. 2002-ж. Лондондун «The Times» гезитинде Ллойд Уэббер Ростроповичти «Бардык замандын улуу виолончелисти» деп атаган. Ростропович кайрымдуулук иштерин жүргүзүп, Бүткүл дүйнөлүк инсан деп жарыяланган. Мамлекеттик сыйлык (1951), Лениндик сыйлык (1964), Россия мамлекеттик сыйлыгы (1991, 1995) лауреаты. «Грэмми» сыйлыгын 5 жолу алган. Көп өлкөлөрдүн ордендери жана медалдары менен сыйланган.

Мстислав Ростропович

Колдонулган адабияттар

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

АнтонимФразеологизмМеханикалык жумушБайыркы грек философиясыУбакытАйлана (математика)ПлантаторИшеналы АрабаевСабаттуулукКыргызстандын тышкы саясатыТолубай сынчыКемтик сүйлөмКыргыз элинин калыптанышыЩелочтуу жер металлдарыАжал ордунаКыргыздардын тарыхыБаткен районуЕвразияМал чарбасыБөтөн сөзМанасчыНарын облусуКыргызстандын райондоруКош сөздөрКыргызстандын гербиТүрдүн пайда болушуСенек жылдарБайламталарКыргызстандын шаарларыЗатБышыктоочБиринчи дүйнөлүк согушАтаке баатырТок булагыМагнит талаасыКлиматХимиялык булаларВенераКол өнөрчүлүкЖаратылышБиосфераКыргызстан көмүр кендериБиоценоздогу организмдер байланышыТүштүк Азия«Кыргыз» этнонимиСууну тазалооДаникеев, ӨскөнАлмаКыргыз тилиФосфорМолдо НиязТүркияДидактикалык чыгармаларАтайын салыштырмалуулук теориясыБагынычсыз (тең байланыштагы) татаал сүйлөмФранц КафкаБагыныңкы сүйлөмТагай бийАныктоочТушоо кесүүТүркстан тоо кыркасыЭлектр чыңалуусуСеметейдин Букардан Таласка келишиКүн тутумуКанКүкүрт кислотасыКалийКошчу союзуКаныбекЯдро (биология)БанкТүштүк КореяТоктогул СатылгановЗат алмашууКамсыздандырууНарын дарыясыМидин АлыбаевХундар🡆 More