Москва (дарыя) – Москва, айрым бөлүгү Смоленск облусу аркылуу аккан дарыя, Оканын сол куймасы.
Узундугу 473 км, алабынын аянты 17,6 миң км2. Смола-Москва дөңсөөсүнөн башталат. Кар, ошондой эле кыртыш, жамгыр сууларынан куралат. Негизги куймалары: Руза, Истра, Яуза (сол), Пахра, Северка (оң). Орточо чыгымы 109 м3/сек. Ноябрдан апрелге чейин тоңот. Агымы суу сактагычтар (Можайск жана башкалар) жана плотиналар менен жөнгө салынган. Москва атындагы канал жана Вазуза гидротехникалык курулмасы аркылуу Волга менен туташат. Суу менен камсыз кылууда жана кеме каттоодо пайдаланылат. Москва шаарынын чегинде жана андан төмөн кеме жүрөт, шлюздар курулган. Боюнан Можайск, Москва, Воскресенск, Коломна жана башкалар. шаарлар орун алган.
Москва | |
---|---|
Москва (Мөскөөда) | |
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 473 км |
бассейндин аянты | 17 600 км² |
Суу чыгымы | 109 м³/с |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Орусия |
ОМСР | 09010101012110000023004 |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Москва (дарыя), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.