Мордовия

Мордовия же Мордовия Республикасы (мокш.

Мордовия Республиксь, эрз. Мордовия Республикась) Орусиянын Европа бөлүгүнүн чыгышында жайгашкан.

Негизги маалымат

Аянты 26,2 миң км2. Калкы 833,0 миң (2009); негизинен орустар (60,8%), мордвалар (32,5), татарлар (4,9) жана башкалар. улут өкүлдөрү жашайт. Православие (277 диний уюм бар), мусулман (24) жана протестант (11) динин тутат. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 34,3 киши. Административдик борбору – Саранск (336,1 миң). Ири шаарлары: Рузаевка (49,6 миң), Ковылкино (23,0). Шаар калкы 59,8%. Акимий-аймактык жактан 22 акимий районго, 7 шаарга, 18 шаарчага бөлүнөт.

Мордовия 
Мордовия.

Табияты

Мордовия Чыгыш Европа (Орус) түздүгүнүн чыгышында, Волга дарыясынын алабында жайгашкан. Түндүк-батышын Ока-Дон түздүгү, Түштүк-чыгышын Волга бою дөңсөөсү ээлейт. Табигый шарты калктын жашоосуна жагымдуу. Экол. абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Негизинен ө. ж-луу зоналардын тегереги булганууда.

Мордовия 
Зарубкино

Климаты

Климаты мелүүн континенттик. Январдын орточо температурасы –11,2˚С, июлдуку 19,2˚С. Жылдык жаан-чачыны 450–500 мм. Ири дарыялары: Мокша, Сура. Жери көбүнчө каракүл, боз-токой жана чым көң-күл топурактуу. Аймагынын 24,2%ин токой (кайың, эмен, байтерек, липа, мырза карагай) ээлейт. Негизги байлыгы жер астындагы суулар (таза, минералдуу, мала туздуу), ошондой эле цемент өндүрүшү үчүн бор, керамзит үчүн ылай, айнек куму жана акиташ казылып алынат.

Мордовия 
Мордовия-арена (курулушу)

Саясий түзүлүшү

Приволжье федерация округуна кирет. Мамлекеттик бийлик 5 жылга шайланган республиканын башчысына таандык. ОФтеги электр лампалар өндүрүшүнүн борбору (Орусияда өндүрүлгөндүн 67%и), машина куруу (22,4; 2-орунда), цемент өндүрүшү (6,2; 6-орунда), жана башкалар. ишканалары иштейт.

Мордовия 

Экономикасы

Аймактын дүң продукциясы 24318,1 млн рублди түзөт. Анда өнөр жайдын үлүшү 29,5%. Машина куруу комплекси алдынкы орунда. Ири ишканалары: «Лисма» (лампа), «Сарансккабель» (күч, телефон, кеме жана текшерүү кабелдери), «Рузхиммаш» (вагон; цистерна, көлөмдүү идиштер), «Электровыпрямитель», «Сарэкс». Тамакаш (19%), курулуш материалдар (11%), Химиялык(5%) өнөр жайы бар. Айыл чарбанын Республиканын дүң продукциясындагы үлүшү 21,4%. Айыл чарбага жарактуу жери 1659,6 миң га (жер фондусунун 63,5%и), анын ичинен 68%и айдоо аянты. Дан эгиндери, картөшкө, кант кызылчасы жана жашылча айдалат. Бодо мал асыралып, үй куштары багылат. Темир жолунун узундугу 546 км, автомобилдики 5616 км (анын ичинен 4232 кми асфальтталган). Саранскиде аэропорт бар.

Мордовия 
Чиндяново

Билим илими

Республикада 743 жалпы билим берүүчү окуу жайлары (анын ичинен 59у башталгыч жана орто), 9 ЖОЖ (филиалдары менен; анын ичинен Мордва мамлекеттик университети), 5 театр (анын ичинен музыка, куурчак), филармония, камералык хор, ыр-бий ансамбли, 22 музей (анын ичинен край таануу, асем искусство жана башкалар), С. Д. Эрьзинин үй-музейи (Баев кыштагында), китепканалар (анын ичинен азиздер үчүн) бар.

Мордовия 
1928

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7

Tags:

Мордовия Негизги маалыматМордовия ТабиятыМордовия КлиматыМордовия Саясий түзүлүшүМордовия ЭкономикасыМордовия Билим илимиМордовия Колдонулган адабияттарМордовияЕвропаОрусия

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Тянь-Шандын түштүк тизмегиЖусуп МамайШабдан баатырРыскулов Акбар (Токтомамбетов Акбар)Ак кеме (тасма)Саспаев АманКыргызстандын тышкы саясатыКалька лексикологиядаТик бурчтукКарышкырларАба (атмосфера)Щелочтуу металлдарЭмгекДүйнөлүк океанДрамаМеханикалык жумушАйлана-чөйрөТабигый ресурстар, жaратылышМенингитКыргызстандын райондоруКытайПризмаИнфляцияКыргыз автономиялуу облусуКошожашТоктогул ГЭСиТөрөтМидин АлыбаевТоо арасында (роман)Иманалиев Элмирбек Калилович«Замана» агымыТоктогул ырчыБашкы баракТеңир-ТооКыргызстандын чек араларыМаркетингТынч океанЖашылдандырууТайлак баатырКош бойлуулукТагай бийАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичБоз үйдүн негизги жабдууларыАалы ТуткучевПланетаКыргызстандын шаарларыБалдардын курак мезгилдериАргентинаЖумушсуздукАла-Арча Улуттук ПаркМөңгүАскердик уставдарИшкерХимияКыргызстандын Орусияга каратылышыБөтөн сөз1930КосмосСырдык сөзБулганыч сууларды тазалооАк батаКыргызстандагы металлдарСеметейдин туулганыАдеп тарбиясыАйыл чарбаны коллективдештирүүӨзгөргүчтүкТашкөмүр ГЭСиКлиматДмитриев, Николай МихайловичЖээнбай АкимжанЭлектр чыңалуусуРоза гүлдүүлөрКыргыз Республикасынын президенттериОмонимдерБышыктоочСогушФутбол🡆 More