Марго Элиз Робби (англ. Margot Robbie;/ mɑːrɡoʊ rɒbi /; 1990-жылы 2-июлда туулган) - австралиялык актриса жана продюсер.
М. Робби 2000-жылдардын аягында австралиялык көз карандысыз тасмаларда роль жаратуу менен өзүнүн чыгармачылык жолун баштаган. 2008-2011-жылдары "Коңшулар" (англ. Neighbours) телесериалындагы ролу үчүн Австралия телекөрсөтүүсүнүн "Логи" сыйлыгына эки номинацияда талапкер болгон.
АКШга көчүп баргандан кийин, ABC телеканалында көрсөтүлгөн "Пан Американ" (англ. Pan Am, 2011-2012) сериалында роль жараткан. 2013-жылы Ричарда Кёртис тарткан "Убакыт келди" (англ. About Time) комедиялык драма тасмасынде жана Мартин Скорсезенин "Уолл-стриттеги карышкыр" (англ. The Wolf of Wall Street) тасмасында тартылган. 2015-жылы М. Робби "Фокус" (англ. Focus) жана "З деген Захария" (англ. Z for Zachariah) тасмаларында роль жараткан. Ошол эле жылы "Чоң кыскартуу" (англ. The Big Short) тасмасында өзүнүн образын ойногон. 2016-жылы "Тарзандын уламышы" (англ. The Legend of Tarzan) тасмасынада Жейн Портердин ролун ойноп, "Өзүн-өзү өлтүрүү тобу" (англ. Suicide Squad) тасмасына дагы тартылган. Ал Time журналынын "2017-жылдын эң таасирдүү инсандары" тизмесине актрисанын аты кошулган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Марго Робби, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.