Манас Эпосу, Энциклопедия

Кыргыз элинин кеңири белгилүү өзгөчө зор көлөмдөгү баатырдык эпосу.

Кыргыздардын көптөгөн кылымдар бою өз билгендери менен табылгаларынын алгылыктуулары, басып өткөн жолу менен башынан кечирген окуялары жөнүндөгү маалыматтардын орчундууларын дээрлик бүт чогулткан казынанын милдетин аткарып, элдин ыйык тутуп, укумдан-тукумга сактап, улам толуктап келе жаткан улуу мурасы, эл турмушунда мааниси, орду боюнча улуттук сыймыгы катары баалануучу чыгарма. «Манасты» Жалпы дүйнөлүк илимде кабыл алынган салтка ылайык эпос деп атоо жана ага таандык өзгөчөлүктөрдү «эпос» илимий термининин мыйзамдык талаптарына ылайык кароо туура.

Жанрдык белгиси боюнча «Манас» - баатырдык эпос. Эпосто кыргыз фльклорунун көптөгөн жанрлары да синтездештирилген, бири-бирине жуурулушуп, эпостун мазмунуна сиңиштирилген. Кошoктордон, насаат ырлардан тартып, санат-насыяттарга, макал-лакаптарга, жөө жомоктордун түрлөрүнөн тартып уламыш, мифтерге чейин эпостон табууга болот. Mазмунунун өзгөчө кеңдигине карабастан, «Манас» - жогорку көркөмдүккө ээ чыгарма, анын окуялары композициялык бир бүтүндүккө баш ийип турат. Бардык окуяларды бириктирип турган кызыл сызык – Манас баатырдын өмр жолу жана баатырдык иштери. Эл ишениминде «Манас» деген оор ысымды бала көтөрө албайт, эгер ошол атка татыктуу болбосо, наристе жаш курагында эле чарчап калат делген. «Манастын» негизги окуялары, сюжеттик линиялары менен элдин тааныш болушу, чыгармадан бир нече сап ырды жатка билбеген кыргызды табуу кыйын экендиги эпостун эл арасында кеңири белгилүү экендигинин далили.

«Манаска» болгон элдин ушундай өзгөчө мамилесинен улам дүйнөдө теңдешсиз зор көлөмдүү көркөм чыгарма түзүлгөн. өзү сыяктуулардын ичинде көлөмү боюнча бул дүйнөдө «Манаска» теңдеш эпос жок. Манасчы Саякбай Карала уулунан жазылып алынган эпостун үч бөлүмүнүн жалпы көлөмү 500553 сап ыр. Бул көлөм гректердин «Иллиадасын» (15693 сап) менен «Одиссеясын» (12110 сап) бирге кошкондогу (27803 сап ыр) көлөмүнөн 20 эседей көп. «Манастын» ошол бир эле варианты илимде узак убакыт эң көлөмдүү эпос эсептелип келген инди элдеринин «Махабхаратасынан» (200 000 сап ыр) эки жарым эсе чоң. Бүгүн илимге «Манас» эпосунун түрдүү көлөмдөгү жетимишке жакын варианты белгилүү. Чыгарманын илимге белгисиз тексттерин эл арасында иликтеп таап, азып алуу иштери улантылууда.

Шилтемелер

  • Манас энциклопедия II., Манастын сюжети – ярупа. Бишкек, 1995

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

КавказОюнЖалал-Абад облусуЖалал-АбадЧуст маданиятыКан тамырларКыргызстандын экологиялык көйгөйүКумтөрЧоң-Алай тоо кыркасыКыргыз алфавитиАрхаизмКыргыз аттарыАйтматов, ТөрөкулИбраев, ЭсенгулКөркөм өнөрGoogleАйлана-чөйрөОрфографияАнатай ӨмүркановДекларация (жарнак)КөзДем алууСоветтер Союзунун баатырыБарпы Алыкул уулуМанас КүмбөзүГлобалдык экологиялык проблемаларКүн тутумуКой“Алтын кыз” (драма)ВитаминдерАксонометриялык проекцияларBooking.com«Манасты» которууРадиоактивдүүлүкНептунЛазерКыргыз Республикасынын Кызыл китебиЧернобыль авариясыОлимпиялык оюндарКонвенцияБайламтаМанас эпосуЛатын АмерикасыСөз түркүмүКайра курууҮч бурчтукТөрт бурчтукКалктын иш менен камсыз болуусуСадыр ЖапаровФизикалык чоңдуктардын бирдиктериМеталл эместерДем алуу системасыГапаров МурзаЖунгар хандыгыЭлектрондук почтаАалы ТокомбаевТилКыргыз-Казак согушу (1846)ЭпосБорбордук нерв системасыКеңеш ЖусуповДемократияЭкстремизмТаштандыВольфганг Амадей МоцартСабатсыздыкты жоюуЖусуп МамайЭлектрЫктымалдуулук теориясыРельефтин жалпы мүнөздөрүГипертония оорусуЭкологиялык факторлорТелескопЖандоочМектепке чейинки куракКыргызстандын КонституциясыИнтернетСаймалуу таш🡆 More