Лексикалык Маани

Лексикалык маани – бүтүндөй бир сөз топторуна же сөз категорияларына таандык болгон грамматикалык мааниден айырмаланып, жеке бир лексикалык бирдикке гана таандык маани.

Толук маанилүү сөздөрдүн көбүнүн лексикалык мазмуну бирдей даражада болбойт. Ошого жараша алар өзүнчө маанилик структура, өз ара иерархиялык багыныңкы байланыш, башкача айтканда сөздүн лексика-семантикалык варианттарын түзүп турат. Лексикалык семантиканы уюштуруунун бул касиети полисемия же сөздү вариациялоо деп аталат. Сөздүн предметке же түшүнүккө тиешелүүлүгүнө жараша лексикалык маани тике жана өтмө маани, контекстке көз карандылыгына жараша фразеологиялык түрмөккө байланышкан, конструкциялык жактан шартталган жана эркин маани деп бөлүнөт. Лексикалык маани – сөздүн объективдүү бир класска кирген нерселердин башкалардан айырмалап көрсөткөн мааниси. Сөздөрдүн лексикалык маанисинин ар башкалыгына ылайык, бир сөз экинчи бир сөздүн айырмалангандыктан, лексикалык маани ар бир сөздүн өзүнө тиешелүү мааниси катары каралат. Мисалы, балапан – куштун же башка канаттуунун баласы жана башка.

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7

Tags:

Лексика

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Күкүрт кислотасыДыйканчылыкТабият кырсыктарыЖамгырТамак сиңирүүTik TokТаң алдында (роман)Сан атооч«Манасты» жыйнооОш облусуКыргызстандын КонституциясыЩелочтуу металлдарАтоочтук сүйлөмДаван мамлекетиАжал ордунаАлгачкы СоветтерҮндүү тыбыштарБиосфераҮч бурчтукСейтекМаркетинг«Орус окумуштуулары «Манас» эпосу жөнүндө»АминдерКыргызстандын гимниКазакстанӨтмө мааниЖетимишев СейитНарын облусуВитамин жетишсиздигиАракечтикКарышкырларБишкекФергана тоо тизмегиҮй-бүлөКыргыз элдик оозеки чыгармаларКаакымБир өңчөй мүчөБаяндоочӨзгөргүчтүкБугу (уруу)НоорузНарын мамлекеттик коругуБанкБиринчи дүйнөлүк согушТууранды сөзТемирСөзМарсМаданий өсүмдүкТүлөбердиев ЧолпонбайАкчаСалык саясатыИнтернет тарыхыКокон хандыгыЖүрүм-турумОкутуу методуКөлөмБизнес-планМолдо КылычАк кеме (чыгарма)Кыргыздардын улуттук кийимиЖаратылышты коргооЧуст маданиятыУкук бузууБарпы Алыкул уулуПрокси серверАйКылмышСенек жылдарТамеки чегүүЭлементтер мезгилдик системасыМоскваЭлектр өткөргүчтүкНасирдин ИсановДемократияКутурмаОмонимдер🡆 More