Көкүрөк

Көкүрөк (көөдөн) (лат.

Thorax) — дене тулкусунун жогорку бөлүгү. Ал көкүрөк омурткаларынан, 12 жуп кабыргадан жана алардын кемирчегинен, төш сөөгүнөн түзүлөт.

Көкүрөк
Көкурөк клеткасы: 1, 3, 8, 9— кабыргалар; 4, 7— кабырга кемирчектери; 2,5— төш сөөгү 6— чемирчек; 10— омурткалар.

Төш сөөгү жалпак сөөк; үч бөлүктөн — сабы, денеси жана канжар сымал урчугунан турат. Кабырга узунунан келген ичке ийри сөөк. Ал кабырга сөөктөн жана кемирчектен турат. Кабыргалар арткы учу менен көкүрөк омурткаларына биригип турат. Кабыргалардын урчугу омурткалардын каптал урчуктары менен ашташып, дем алган учурда кабыргалардын көтөрүлүп жана төмөн түшүп турушун камсыз кылат.

Жогорку беш кабырганын алдыңкы учтары төш сөөгү менен биригип, чыныгы же кара кабыргалар деп аталат. Кийинки 5 кабырга жалган же карчыга кабыргалары деп аталат да, алардын кемирчектери бири бири менен кошулуп кабырга жаасын же сүбөнү түзүп турат. Акыркы эки кабырганын учу бош болуп, курсак булчуңдарынын арасында жайланышат (жетим кабыргалар).

Көкүрөк көңдөйүнүн ичинде жүрөк, өпкө, кекиртек, кызыл өңгөч, кан тамырлар жана нерв талчалары жайгашат. Көкүрөк көңдөйү төмөн жагынан боор эт менен ич көңдөйүнөн бөлүнүп турат: жогору жагы моюнга өтөт. Көкүрөктүн формасы адамдын жынысына, дене түзүлүшүнө жана булчуңдардын өөрчүшүнө жараша ар кандай (жазы жана кыска, узун жана ичке) болушу мүмкүн.

Көкүрөктүн формасы кишинин ден соолугуна да жараша болот. Мисалы, итий менен ооруган баланын төш сөөгү алды жакты карай урчуюп чыгып, канаттуулардын төш сөөгүнө окшошуп кетет. Ал эми дем алууга тескери таасирин тийгизүүчү ооруларда (мисалы, эмфизема) көкүрөк челекке окшоп калышы мүмкүн.

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Tags:

Латын тили

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Ядро (биология)Болмуш (философия)Витамин жетишсиздигиКүн тутумуСөздүн маанисиКыргызстандын Орусияга каратылышыГипертония оорусуКызыл армиянын улуттук бөлүктөрүАтаке баатырПлазмаЖер көчкүФевраль революциясы (1917)Америка Кошмо ШтаттарыАбсамат МасалиевАскар АкаевКаакымБеш миң сомДемократияМетеоритАлаш ОрдоМанас эпосу, ЭнциклопедияАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичСүйлөм мүчөлөрүКыргыз адабиятыКыргыз ССРинин КонституциясыМетафораКыргыз АССР Эл Комиссарлар Совети (ЭКС)Кыргызстандын чек араларыБир өңчөй мүчөЭкологиялык факторлорСинонимИманалиев Элмирбек КалиловичКошожашТелибай тентекЖер титирөөКаратма сөзКалык АкиевЭпосМамлекеттердин тизмесиДүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелерКыргыз автономиялуу облусуӨнөр жайЖалал-АбадНарын дарыясыКөп маанилүү сөздөрТүштүк КореяБарсбек каганКыргыз оюм чийимдериКумтөрКаныбекАдам укуктарыТынч океанЭлектр чыңалуусуТоо-кен өнөр жайы«Манасчылар»Мухтасар и-тарых КыргызийаАргентинаВолейболИндияЖумушсуздукСамынАтайын салыштырмалуулук теориясыГапаров МурзаЖусуп АбдрахмановАбдыкадыр ОрозбековБүркүтСөөк системасыАнатай ӨмүркановИч көбүү (метеоризм)Дезоксирибонуклеин кислотасыТүрКүн энергиясыБиринчи майСеметейдин туулганыВикипедияБилимБоз үйКыргызстандын шаарларыДмитрий Менделеев🡆 More