Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни — Кыргызстандын туусу жана герби сыяктуу эле мамлекеттик символикаларынын бири.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни | |
---|---|
Сөзүнүн автору | Жалил Садыков Шабданбек Кулуев |
Композитору | Насыр Давлесов Калый Молдобасанов |
Өлкө | Кыргызстан |
1992-жылы 18-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин № 1141-XII токтому менен бекитилген.
Сөзүн Жалил Садыков, Шабданбек Кулуев, музыкасын Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган.
Башында гимн үч аяттан жана кайырмадан түрүп, кийинчирээк 2012-жылдын 27-декабрындагы No 2648-V Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенештин токтому менен экинчи куплети алынып салынган.
Кыргызстандын гимнин расмий колдонуу тартиби 2004-жылдын 17-июлундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Мыйзамда белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни - аткарылуучу музыкалык-поэтикалык чыгарма болуп эсептелет.
Кыргыз Гимни оркестрдик, хордук, оркестрдик-хордук, болбосо вокалдык жана аспаптык вариантта аткарылышы мүмкүн. Мында үн- жана видеожазууну, ошондой эле теле- жана радиоберүү каражаттарын колдонсо болот. Мында үн- жана видеожазууну, ошондой эле теле- жана радиоберүү каражаттарын колдонсо болот.
Кыргыз гимни вокалдык жана вокалдык-аспаптык аткаруу учурунда толук аткарылат, ал эми аспаптык аткаруу учурунда Гимн жарым-жартылай - биринчи куплети жана кайрымасы гана аткарылууга жол берилет.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни расмий аткарылганда катышып жаткандар аны турган бойдон угат (улуттук баш кийимди жана диний ынанымдары жылаңбаш туруу сыйлабоо актысы катары каралган адамдардын атайын баш кийимин албаганда - эркектер баш кийимсиз), мында Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин ырдайт жана оң колун төшүнүн сол ыптасына коюп турат.
Эгерде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун көтөрүү менен коштолуп аткарылса катышкандар туу көтөрүлгөн тарапка жүзүн буруп турушат.
Мамлекеттик гимни төмөнкүдөй учурларда аткарылат:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик майрамдарына арналган салтанаттуу чогулуштарды ачууда жана жабууда; мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, ошондой эле мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар өткөрүп жаткан башка салтанаттуу иш-чаралар мезгилинде аткарылышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, жеке менчик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу компаниялары аркылуу:
берүүлөр башталаар алдында жана аяктаар учурунда - күнүгө, ал эми күнүтүнү берүүсүндө * жергиликтүү убакыт боюнча саат 6да жана саат 24тө берилет.
Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн адамдар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдорун урматтоого милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин маскаралагандык үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдоруна терењ сый көрсөтүү- Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын патриоттук парзы.
Кыргызстандын 1998-жылдын 14-январындагы "Автордук укук жана байланыштуу укуктар жөнүндө" учурдагы мыйзамына ылайык, мамлекеттик символдор автордук укук объектилери эмес, ошондуктан музыканы жана гимндин сөздөрүн башка музыкалык жана башка чыгармаларда эркин колдонууга болот. Кыргызстанда 1998-жылдын 14-январындагы "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" учурдагы мыйзамына ылайык, мамлекеттик символдор автордук автордук укуктун объектилери болуп эсептелбейт.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин кабыл алынышынын алдыдагы 28 жылдыгы үчүн, 2020-жылдын 18-декабрында кыргызстандык, Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргызстандын маданияттын мыкты кызматкери Иванов Александр Николаевич кыргыз гимни чех тилине эквиритмикалык котормосун которолду. Бул биринчи кыргыз гимнин кыргыз тилинен башка тилдерге которуу. Ал Кыргызстандын гимнинин кабыл алынышынын 30 жылдыгына (2022-жылдын 18-декабрында) карата атайын видео даярдаган. Чехиянын опера ырчысы Петра Енчкова чех тилинде аткарган. [1]
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кыргызстандын гимни, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.