Куурчак — кыздар оюнчугу.
Мурда куурчакты кыргыз кыздары өздөрү колго жасашкан. Кичинекей топчу, тегерек жалпак жыгач же тоголоктогон чүпөрөк кызыл, сары, күрөң ж. б. түстөгү кездемеге оролуп, ачакей жыгачтын же кош чийдин башына чырмалып, куурчактын бети жасалган. Ага туурасынан дагы бир чий же жыгач бекитилип, кол чыгарылгандан кийин тиешелүү кийим кийгизилген. Азыр ар түрдүү Кислотар резина, пластмасса ж. б. материалдан жасалып, өндүрүштө даярдалат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Куурчак, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.