Кош түбөлүк куралым (англ.
1929-жылы жарыкка чыккан китеп, лейтенант катары италиялык армиянын тез жардам бригадасында кызмат кылган америкалык эмигрант Фредерик Генри атынан баяндалат. Романдын аталышы 16-кылымдын англиялык драматург Жорж Пилдин ыр сабынан алынган.
"Кош түбөлүк куралым" романында Биринчи дүйнөлүк согушундагы тартипсиз аскерлер, согушуулар жана жергиликтүү калктын кайра жайгаштыруусунун арасында орун алган америкалык эмигрант Генри менен Кэтрин Барклинин сүйүүсү баяндалат. Бул роман Хемингуэйдин Американын модерн жазуучусу макамын бекитип, анын эң көп сатылган китептеринин бири болгон, биограф Майк Рейнолдс чыгарманы "дүрбөлөң түшүргөн Биринчи дүйнөлүк согушу жөнүндө жазылган биринчи америкалык аскердик романы" деп айткан.
Роман, 1930-жылы алгач сахна үчүн адаптацияланган, андан кийин, 1932чи жана 1957-жылы тасма, 1966-жылы телевизиондук кичи сериалдар адаптациялары экранга чыкты. 1996-жылы чыккан, режиссеру Ричард Аттенборо болгон "Согушта ашык болуу" (англ. In Love and War) тасмасында тартылган Крис О'Доннелл жана Сандра Буллок, "Кош түбөлүк куралым" романында алгач сүрөттөлгөн окуяларды кайрадан жандандырып, Хемингуэйдин Италияда тез жардам бригадасынын айдоочусу болгон учурдагы турмушун экранда түшүрүшөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кош түбөлүк куралым, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.