Корчак, Януш (чыныгы аты – Генрих Гольдшмит(польш.
Henryk Goldszmit); Т Варшава да 1878-жылы 22-июльда туулган— 1942-жылы 2-августта Треблинкада каза болгон) - польшалык педагог, балдар жазуучусу, догдур, публицист жана коомдук ишмер. Балалыктын оригиналдуу концепциясын жана баланын аң-сезимин калыптандыруу, жетилдирүүнүн жолдорун иштеп чыккан. Анын «Баланы кандайча сүйүү керек» аттуу китеби дээрлик дүйнөнүн бардык тилдерине которулган.
Корчак таалим-тарбиянын башкы озуйпасы, максаты – конкреттүү ар бир баланын ички дараметин жана жөндөм-шыгын эркин, түгөл, гармониялуу өнүктүрүү, инсанды аруулуктун, асылдыктын жана эркиндиктин идеалында жетилдирүү. Таалим-тарбия процессинде инсан ички өз алдынчалык жана жеке кадыр бедел сыяктуу туюм-сезимдер туура, бекем калыптанышы абзел.
Корчак балдар үйлөрүн жетектеген, атайын педагогика институтунда сабак берген, ошондой эле жашы жете элек кылмышкерлер боюнча соттордо калыс болгон. Гитлердик оккупация мезгилинде «Балдар үйүндөгү 200 жакын окуучу жана бир катар педагогдор менен бирдикте Требликка концлагеринин газ камерасында өлтүрүлгөн.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Корчак, Януш, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.