Корсика (Corse) – Жер Ортолук деңиздин түндүк-батышындагы арал.
Франциянын департаменти. Аянты 8,7 миң км2. Калкы 300 миңдей (2005), негизи корсикалыктар. Административдик борбору – Аяччо шаары. Батыш жээги аскалуу, булуң-буйткалуу, чыгышы жапыз, түзөң. Рельефи тоолуу (эң бийик жери 2706 м, Мон-Сенто чокусу) Аралдын батыш бөлүгү гранит, чыгышы чополуу сланец тектеринен түзүлгөн. Жер ортолук деңиздик кпимат мүнөздүү. 600–700 мге чейин бадал өсүмдүктөрү, андан жогору эмен, бук, мырза карагайлуу токой өсөт. Жемиш бактары, жүзүм, зайтун дарагы өстүрүлөт. Аралда Аяччо, Бастия шаарлары жайгашкан.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Корсика, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.