Кванже

Кванже – Корей Республикасынын түштүк-батышындагы шаар.

Йонсанган түздүгүндө, Сеулдан 320 км түштүктө жайгашкан. 1986-жылдан шаар айланасы менен провинциянын деңгээлиндеги статуска ээ. Калкы 1,3 млн (2008; шаар айланасы менен 1,6 млн). Жолдор тоому. Метрополитен (2004) иштейт. Алгач Корё мамлекетин негиздеген король Ван Гон бийлеген мезгилде 940-жылы эскерилген. 1948–2005-жылдары Чолла-Намдо провинциясынын административдик борбору болгон. Шаар агломерациясынын чыгыш бөлүгүн Мудынсан паркы ээлейт. Анын этегинде будда храмдары жайгашкан. Кванже өлкөнүн ири өнөр жай борбору. «Kia Motors» компаниясынын автомобиль заводу (жылына 350 миң), аккумулятор батареялары, электроника приборлорун жана алардын компоненттерин өндүрүүчү, текстиль (кебез-кездеме), тамак-аш (айыл чарба азыктарын белендейт жана сактайт) өнөр жай ишканалары иштейт. Тогуз жогорку окуу жайы (анын ичинде улуттук, педагогикалык жана жеке менчик), музейлер (анын ичинде улуттук, көркөм жана башка), мемориалдык парк бар. Айыл чарбалуу аймактын ири борбору. Шалы, курма өстүрүү, жүзүмчүлүк өнүккөн. Шаардан 50 км түндүк-батышта «Йонгван» АэСи (Азиядагы эң ири; кубаттуулугу 5900 МВт) курулган.

Колдонулган адабияттар

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Б.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасындагы көркөм образдарАлай районуАтаке баатырЖай мезгилиНатик (Массачусетс)Эне-Сай кыргыз кагандыгыЖоомарт Бөкөнбаев«Жаңыл Мырза»Курманбек эпосуКоммуникацияКүнЖылдызБагынычтуу (багыныңкы байланыштагы) татаал сүйлөмКүн системасыБайламтаРиторика.Риторика илими.БиосфераКыргызстан тарыхыФотосинтезРуханий маданиятГормонКасымалы ЖантөшевНарынКыргыз Республикасынын Коомдук Телерадиоберүү КорпорациясыУчкул сөздөрМарс606Каспий деңизиКара кытайлар (кара кидандар)Чүй облусуАдабиятБаяндооКуранКараханийлер мамлекетиДене тарбияИндияОперациялык системаЖер титирөөТоолор кулагандаКыргыз философиясыВирусКыргыз оюм чийимдериWi-FiЖалбыракКемеАк кеме (тасма)Осмонаалы СыдыковКыргыз тилинин тарыхыСуу ЧечекАйТайлак баатырЗат жана энергия алмашууБаткен облусуГенетикаМутация“Алтын кыз” (драма)Этек кирОрусияАлмамбетАскердик тартипСүйүнбай ЭралиевКыргызстандын климатыКан агууЖаратылыш зоналарыАтоочтук түрмөкЖыл сүрүүКыргызстандын Россияга каратылышыБиологияКусеин КарасаевПолот ханЗаара бөлүп чыгаруу системасыАтоочтук сөз айкаштарыКыргыз адабиятыДезинфекцияИбраев, Эсенгул🡆 More