Каракалпак тили (Қарақалпақ тили, Qaraqalpaq tili) — Каракалпактардын тили.
Түрк тобундагы тилдердин бири. Каракалпак тили түндүк-чыгыш жана түштүк-батыш деп эки диалектиге бөлүнөт жана ал диалектилер фонетикалык өзгөчөлүктөргө ээ.
Расмий аталышы: | Қарақалпақ тили, Qaraqalpaq tili |
---|---|
Өлкөлөр: | |
Аймактар: | |
Расмий статусу: | |
Колдонгондордун жалпы саны: | 583 410±1 адам. (2010) |
Классификациясы | |
Түрмөгү: | Евразия тилдери |
| |
Жазылышы: | |
Тилдер коду | |
ГОСТ 7.75–97: | кал 275 |
ISO 639-1: | — |
ISO 639-2: | |
ISO 639-3: |
Кара калпак тили үчүн жалпы түрк тилиндеги «ч» жана «ш» тыбыштарынын «ш» жана «с» тыбышына алмашылып айтылышы мүнөздүү (мисалы, каш – «кач», бас –« баш»). Бул жагынан ногой, казак тилдерине жакын. Каракалпак тили л/д/т тыбыштары өзүнөн мурда келген үнсүз тыбыштын өзгөчөлүгүнө жараша өзгөрүлбөйт (мисалы, кыргыз – таштар; казак – тастар; каракалпактар – таслар). Каракалпак тилинде «г», «д» жумшак үнсүздөрүнүн болушу аны түрк тилдеринин огуз тобуна жакындатат. Огуз тобу каракалпак тилинин калыптанышына таасир тийгизген. Каракалпак адабий тили Улуу Октябрь социалисттик революцияясынан кийин калыптанган. Жазуусу 1928-жылга чейин араб алфавитинде, 1928–40-жылдары латын алфавитиндеги жазууда болгон. 1940жылдан орус алфавитине өткөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Каракалпак тили, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.