Иэн Рассел Макүэн (англ.
2008-жылы, The Times Макүэнди "1945-жылдан бери Британиянын 50 эң мыкты жазуучулары" тизмесине киргизген, ошол эле жылы The Daily Telegraph "Британиялык маданиятынын 100 эң таасирдүү инсан" тизмесинин катарына кошкон.
Макүэн өзүнун чыгармачылыгын готикалык кыска аңгемелерди жазуу менен баштаган. Жазуучунун "Капалуу Иэн" теркеме аты "Цемент багы" (англ. The Cement Garden, 1978) жана "Жүзү жылуу бейтааныштар" (англ. The Comfort of Strangers, 1981) алгачкы романдарынын натыйжасында пайда болгон. Ошондон кийин, жазуучу 1980чи жана 1990-жылдын башында ага ийгилик алып келген үч романын жазган. Жазуучунун "Чын сүйүү" (англ. Enduring Love, 1997) романы тасмага адаптацияланган. "Амстердам" (англ. Amsterdam, 1998) чыгармасы үчүн Man Booker сыйлыгана ээ болгон. Анын "Өз жазасын тартуу учур" (англ. Atonement) романы жылуу кабыл алынып, Оскар сыйлыгына татыктуу болгон тасмага адаптацияланган, тасманын башкы ролдорунда Кира Найтли жана Жеймс Макэвой тартылган. Жазуучунун башка романдары: "Ишемби" (англ. Saturday, 2005), "Жээкте" (англ. On Chesil Beach, 2007), "Күнөс" (англ. Solar, 2010), "Таттуу жандуу" (англ. Sweet Tooth, 2012), "Балдар мыйзамы" (англ. The Children Act, 2014) жана "Жаңгактын кабыгы" (англ. Nutshell, 2016). 2011-жылы жазуучу Jerusalem сыйлыгына ээ болгон.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Иэн Макүэн, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.