Метеоризм Ич Көбүү

Ич көбүү (метеоризм) — ичегилерде газдын ашыкча чогулушу.

Соо кишинин карыны менен ичегисинде бир аз газ болот. Ал ичегинин тонусу жана жыйрылуусу (перистальтика) үчүн керек. Газ карынга абаны көп жутканда келет (кара Аэрофагия) жана ичегиде химиялык реакциянын, ферменттик процесстердин негизинде пайда болот. Газдын өлчөмү тамактын мүнөзүнө, кишинин кыймылына жана башка жараша болот. Углеводу көп тамак (буурчак, фасоль, кара нан жана башка) менен тамактанганда дени соо кишилердин да ичи көбүшү мүмкүн.

Ич көбүү көп оорулардын (ич катуу, невроз, колит, перитонит, ичегинин буралышы жана башка) белгиси болушу мүмкүн. Гастрит, панкреатит, холециститте да ич көбөт. Кишинин нормадагы микроб флорасы (кара Кишинин микробдуу флорасы) бузулганда ичегиде ириңдөө жана ачуу процесси жүрүп, газдын бөлүнүшүн күчөтөт. Ич көбүүдө ич курулдайт, толгоп ооруйт, кекирет, ыктытып, газ чыккандан кийин оору басылгансыйт, кээде ич өтөт, кайра ич катат.

Ич көпкөндө врачка кайрылуу керек. Дени соо кишинин ичи көпсө атайын дарылоонун кажети жок. Тек гана тамактанууда жаңы нанды, таттууну, буурчак, картошка, газдуу суусундуктарды азыраак, белоктуу — эт, балык, быштак, жумуртка жана башка азыктар пайдалануу сунуш кылынат. Ич көбүүдө себебине жараша ар кандай газ чыгаруучу дарыларды колдонуп, негизги ооруну дарылоо керек.

Ич көбүүнү алдын алууда тамактануу режимин сактоо, физкультура жана спортко катышуунун мааниси чоң. Жүрөк-кан тамыр оорулары, айрыкча стенокардия менен ооругандар Ич көбүүгө өтө маани бериши зарыл. Себеби газдан ичеги көөп, жүрөктүн кан тамырларынын спазмына түрткү болот.


Колдонулган адабият

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Tags:

Газ

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Үндүү тыбыштарРадиоактивдүүлүкТүндүк Кыргызстандын Россия менен элчилик алакаларыСагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)Жер-суу реформасыКомузМамлекетМанас эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптарыТүлөбердиев ЧолпонбайКол өнөрчүлүкЖалил СадыковФутболИталияКокон хандыгынын мезгилиндеги Кыргызстандын социалдык - экономикалык абалыНасирдин ИсановЖер тобундагы планеталарСүт эмүүчүАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичСот бийлигиМакал лакапДаникеев, ӨскөнСөзИнфляцияМаданиятКожомбердиев ТурарСыдык уулу ОсмонаалыЖарандык согушБөлүкчөЛатын АмерикасыУкук бузууЗат атоочБиоценозМителерИбраев, ЭсенгулЭлектр өткөргүчтүкКызыл армиянын улуттук бөлүктөрүЭкологиялык факторлорПротоколКосмосМиланЭнесай кыргыздарыПланетаТамеки чегүүМеталл эместерКаныкей образыМанастын күмбөзүКыргызстан көмүр кендериКыргыз-Казак согушу (1846)Шекер (айыл)Саруу (уруу)Манас эпосу, ЭнциклопедияМоголстанКыргыздардын XVI—XVIII кылымдардагы маданиятыХлорЩелочтуу металлдарАсанкан ЖумакматовjvrkkРельефтин жалпы мүнөздөрүКыргызстан климатынын бийиктик алкактары жана региондор боюнча өзгөчөлүктөрүНоокат районуТилРуханий маданиятМоскваТыныш белгилериТукум куугучтукМаркетингСоциалдык тармакЖоон үндүүлөрКан тамырларКокон хандыгыТоо арасында (роман)Курмангазы Сагырбай уулуКүч (механикада)Улуу БританияЭмгекМамлекеттик бюджет🡆 More