Ичтин катуу кармоочу оорусу — тезинен хирургиялык жардам талап кылынуучу ар түрдүү оорулар.
Буларга карындын жана он эки эли ичегинин жарасы, аппендицит, ичегинин түйүлүшү, боор жана өт жолдорунун оорулары жана башка кирет. Бул оорулардын негизги белгиси: ич катуу ооруп, кээ бир учурда бычак менен сайгандай сыздайт. Оорунун мындай түрү өзгөчө карын же он эки эли ичегинин жарасында байкалат. Аппендицитте — ичтин оорусу акырындык менен башталып убакыт өткөн сайын күчөйт. Ичегинин түйүлүшүндө ич катуу бурап ооруп, бирде басаңдап, кайра кайталап турат. Бул оорунун айрым түрүндө, мисалы, заара жолунун таш оорусунда же өпкөгө суук тийгенде, миокарддын инфарктында операция жасалбайт. Ооруну врач гана так жана туура диагноз коюп, дарылай алат. Айрым учурда оорулуу өз алдынча же бирөөнүн айтуусу боюнча дарылануусунун натыйжасында ооруну күчөтүп алышы ыктымал, бул операциянын кечигип жасалышына алып келет. Мындай көрүнүш көбүнчө жаш балдарда болот. Алардын ата-энелери көбүнчө балдарын киренелеп же болбосо киндиги түйүлүп калды дешип, ичине жылыткыч коюп же ар кандай дарыларды колдонушат. Мунун натыйжасында оору өтүшүп, ал түгүл оорунун белгилери өзгөрүп, ооруга так диагноз коюуну кыйындатат.
Эгерде ичтин катуу оорушу аппендицит, карындын жарасы, ичегинин түйүлүшү жана башка оорулардын белгиси болуп, операция кечиксе, оорулуунун абалы кыйындайт. Оорулуу ичи катуу ооруй баштаганын сезери менен врачка кайрылуусу зарыл. А эгер ич туйулуп адам кан заара кылса эмне болот
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Ичтин катуу кармоочу оорусу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.