Индей тилдери – Америка аборигендеринин (эскимос, алеуттардан башка) тили.
Генетикалык байланыштарына карай негизги уяларга бөлүнөт: 1) на-дене, тлингит жана хайда; 2) алгонкин-ритван; 3) пенут жана айрым илимпоздордун пикири боюнча, орегон-пенут; 4) хок уясы; 5) каддо-прокез; 6) сиу уясы жана ага жакынкы ючи тилдери; 7) мускоги-натчез; 8) юта-ацтек; 9) майя-соке уясы жана ага жакын тилдер шинка жана тотонак; 10) отоманг; 11) чибча; 12) аравак; 13) кариб; 14) кечуа-аймара; 15) же; 16) тупи-гуарани. Индей тилдеринин көбү жазмасыз. Байыркы иероглиф жазуусун майя, сапотек, куна жана аймара тилинде сүйлөгөндөр колдонгон. Европа колонпячылары басып алгандан кийин , ацтек, кечуа сыяктуу тилдегилер латын жазмасына өткөн. Адабий тилге айлангандары гуарани, кечуа жана бир аз аймара тилдери.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Индей тилдери, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.