Зыяндуу программа (англ.
Аларга компүтер вирустары, курттар, Троя аттары, опузалаган программалар, тыңчы программалар, жарнак программалар, коркуткан программалар жана башка зыяндуу программалар кирет. Ал кандайдыр бир ишке киргизүүчү код, текст, активдүү мазмун жана башка программалык камсыздоо формасында болушу мүмкүн. Зыяндуу программа карасанатайлыгы менен аныкталат. Ал компүтер колдонуучунун талаптарына каршы туруп алат. Мындайларга айрым жетишсиздигинен улам атайылабай зыян келтирип алган программалык камсыздоолор кирбейт.
Эгерде алар компүтер колдонуучулардын кызыкчылыгына каршы жашыруун иш-аракет жасаса, компаниялар тарабынан расмий түрдө берилген программалар зыяндуу деп эсептелиши мүмкүн. Мисалы, Sony rootkit'ти алсак; анда Троя аты Sony компаниясы тарабынан сатылган CD'лерге чапталып, кардарлардын компүтерлерине акырын орнотулуп, мыйзамсыз көчүрүү аракеттерин алдын алып турган. Ошондой эле ал колдонуучулардын угуу адаттарын билдирип, өзү байкабай эле аярлуу жагдайларды жаратып, тиешеси жок зыяндуу программалар тарабынан кор пайдаланылган.
Антивирус жана файрвол сыяктуу программалык камсыздоолор зыяндуу деп аныкталган иш-аракеттерден коргоо жана кол салуулардан калыбына келтирүү үчүн колдонулат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Зыяндуу программа, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.