Жер-Үй чым көң кени – Ысык-Көл облусунун Тоң районунда, Жер-Үй жана Көк-Сай сууларынын кошулган жеринде, Бөкөнбаев кыштагынан 18 км батышта, деңиз деңгээлинен 1950 м бийиктикте жайгашкан.
Чым көң саз катмары менен байланышып, төрт горизонтту түзөт. Жалпы аянты 24,2 га, орточо калыңдыгы 0,69 м. Чым көң күрөң түстө, чириндилер 20–25%. Күйгөндөгү жылуулугу 2388–3964 калория. Чым көңдү кык жана акиташ менен аралаштырып, жер семирткич катары колдонууга болот. Запасы С1 категориясы боюнча 252 миң м3.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жер-Үй чым көң кени, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.