Жапон деңизи - Тынч океанындагы жарым жартылай туюк деңиз.
Евразия менен Корей ж. а., Жапония жана Сахалин а-нын ортосунда. Орусия, КЭДР, Корея Республикалык жана Жапониянын жээктерин чулгайт. Охота деңизи менен Татар, Невелской жана Лаперуз кысыктары; Тынч океан менен Цугару (Сангар) кысыгы; Чыгыш Кытай жана Сары деңиздери менен Корей кысыгы аркылуу туташат. Аянты 1062 км2. Эң терең жери 3720 м. Ири булуңдары: Чыгыш Корей, Улуу Петр. Климаты мелүүн, муссондук. Суусунун үстүнкү катмарынын температурасы түндүктө 0° ... - 1,3°Сдан түштүгүндө 12°Сга чейин, жайында 17°Сдан 26°Сга чейин өзгөрөт. Түндүгү кышкысын тоңот. Туздуулугу 27,5-34,8%оге чейин. Беймаал ташкындайт (0,5 мте чейин). Татар кысыгында суткасына эки жолу ташкындайт. Балык кармалат, краб, трепанг, балык промыселдери ж. б. бар.
Башкы порттору: Владивосток, Находка (РФ), Ниигата, Цуруга, Майдзуру (Жапония), Пусан, Ульсан (Корея Республикалык), Вонсан, Хыннам (КЭДР).
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жапон деңизи, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.