Давид куруучу, Давид IV Георгиевич (1073-ж.
ченде – 1125) – Багратиони династиясынан чыккан грузин падышасы. Грузин княздыктарын бир мамлекетке баш коштурууга көмөктөшкөн ири мамлекеттик ишмер. 1097-ж. селжуктарга салык төлөөнү токтотуп, Грузиянын көз каранды эместигин калыбына келтирген, ага Кахети, Эрити (1104) жана башка жерлерди кошуп алган. 1122-ж. Тбилисини бошотуп, Грузиянын борбору (мурда Кутаиси эле) кылган. Давид куруучу шаар, кербен сарай, көпүрө, жол курууга зор көңүл бөлгөн; агартуу ишин өөрчүтүп, Гелати академиясын негиздеген. Ушундай иштери үчүн ал «Куруучу» атыккан.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Давид куруучу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.