Тбилиси (1936-ж.
чейин Тифлис) – Грузин Республикасынын борбору (1921-жылдан), Тбилиси ойдуңунда, Кура дарыясынын боюнда жайгашкан. Климаты субтропиктик. Жайы ысык жана узак, кышы жумшак. Январдын орточо температурасы 1°С, июлдуку 25°Ска жакын. Жылдык жаан-чачыны 400-600 мм. Калкы 1,14 млн (2010). Темир жол түйүнү. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Машина куруу (станок, электровоз, приборлор, айыл-чарба машиналары ж. б.), жеңил, тамак-аш, жыгаччылык, химиялык өнөр-жай ишканалары иштейт. Грузин ИАсы, ЖОЖдор (анын ичинде университет, консерватория), театрлар (анын ичинде опера жана балет, A. С. Грибоедов атындагы орус, Ш. Руставели атындагы, К. А. Маржанишвили атындагы драма), 20дан ашык музейлер (анын ичинде С. Жанаиша, искусство, сүрөт галереясы, адабият ж. б.), китепканалар (анын ичинде азиздер үчүн) ж. б. бар. Нарикала цитаделинин калдыктары (4-кылым; 16–17-кылымдар), Анчисхати (6- жана 17-кылым), Метехи (1278–89) чиркөөлөрү, Сиони кафедралуу собору (6–7-кылымдар), Ростом хандын мончосу (17-кылым) сакталган. Тбилисинин түштүк-чыгыш бөлүгүндө балнеол. курорт иштейт. Туризм өнүккөн.
Тбилиси | |||
თბილისი | |||
| |||
Өлкө | Грузия | ||
---|---|---|---|
Мэр | Каха Каладзе | ||
Тарыхы жана Географиясы | |||
Негизделген күнү | 458 | ||
Биринчи белгиленген | IV кылым | ||
Мурунку аталышы | Тифлис | ||
Аянты | 726 | ||
Бийиктиктиги | 100 | ||
Калкы | |||
Калкынын саны | ▼1 118 300 (2015) | ||
Жыштыгы | 1540 адам/км2 | ||
Улуттук курамы | грузиндер (84,2%), армяндар (7,6%), орустар (3,0%), күрттөр (1,6%), осетиндер (1,4%), азербайжандар (1,0%) | ||
Этнохроним | тбилисилик, тбилисиликтер | ||
Сандык идентификаторлор | |||
Убакыт аралыгы | +4 | ||
Телефон коду | 32 | ||
http://www.tbilisi.gov.ge |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Тбилиси, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.