Георгий Николаевич Данелия (груз.
გიორგი დანელია; 1930-жылы 25-августта Тбилисиде туулган) - советтик жана орусиялык кино режиссер, актер, сценарист, публицист.
СССРдин эл артисти (1989). СССР Мамлекеттик сыйлыгынын (1978-ж.), РСФСРдин бир тууган Васильевдер атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын (1981-ж.), Орусиянын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.
Георгий Данелия 1930-жылы 25-августта Тбилисиде туулган. Бир жылдан кийин үй-бүлөсү Москвага көчүп барган. 1955-жылы Москва архитектуралык институтун бүтүргөн. 1954-1955-жылдары Шаар долбоорлоо институтунда архитектор болуп иштеген. Данелия киного кызыгып, массовкаларга тартылат. Акыры 1956-жылы жаңы ачылган жогорку (Михаил Калатозовдун устаканасы) режиссерлук курска тапшырат. Ал жерди 1959-жылы бүтүргөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Георгий Николаевич Данелия, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.