Галактика көзөмөлчүлөрү 2 (англ.
2) - америкалык Марвел Комикс супер каарман командасынын негизинде тартылган тасма. Марвел Студиясы тарабынан тартылган жана Уолт Дисней Кино Студиясында көрсөтүлгөн. Тасма- 2014-жылы тартылган Галактика көзөмөлчүлөрү сериясынын уландысы жана Марвел Синема Юниверс Студиясынын он бешинчи тасмасы. Тасманын сценарийин жазган жана тарткан - Жеймс Ганн, ролдордо - Крис Пратт, Зои Салдана, Дейв Батиста, Вин Дизел, Бредли Купер, Майкл Рукер, Карен Гиллан, Пом Клементиеф, Элизабет Дебики, Крис Салливан, Шон Ганн, Силвестр Сталлоне, Курт Рассел. Галактика көзөмөлчүлөрү-2 бөлүмдө сакчылар Петер Квиллдин ата-мекенин изилдөө үчүн космосту кыдырып чыгышат.
Тасма расмий түрдө 2014-жылы Сан Диего Комик-Кон Фестивалында жарыяланат, алгачкы тасма кинотеатрларда коюлардан мурда, Ганндын кайтып келүүсү менен 2015-жылдын июнь айынан тартыла баштайт. Тасманын башкы кадрлары 2016-жылы февралда Пайнвуд Атланта Студиясында (Файетт Округу, Джорджия) тартылган, тартуучу топ бир нече жолу алмашкан. Тасманы тартуу иштери 2016-жылы июнда токтогон. Ганн эпикалык тасманы кыскартуу максатында сакчыларга жаны ролдорду тандаган, Квиллдин атасынын окуясын улай 2016-жылы июлда Рассел Эгонун ролуна бекитилген.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Галактиканын көзөмөлчүлөрү 2, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.