Веронезе Паоло (өз аты-жөнү – Кальяри) (1528, Верона–1588, Венеция) – италян сүрөтчүсү, Соңку кайра жаралуу доорунун реалист сүрөтчүлөрүнүн бири.
Вероналык сүрөтчү А. Бадиледен таалим алган. Көбүнчө Венецияда (1553-жылдан), о. э. Верона, Виченца, Мантуя жана Падуя шаарларында иштеген. Алгачкы чыгармаларын (1540–50) Микеланджело, Рафаэль, Тициандардын сүрөттөрүнүн таасиринде жараткан. Венеция республикасынын даражасын, согуштук ийгиликтерин даңазалаган май боёк менен тарткан сүрөттөрү табынуучулук имараттардын дубалдарына жана плафондоруна кадалган. В. тарткан образдар алыбеттүү, кыймылдары гармониялуу, шаңдуу келет (“Карылык жана жаштык”, 1553; “Венеция салтанаты”, 1578–1585; Венеция, Сан-Себастьяно чиркөөсү). В-тин фрескаларынын (Соранцо вилласы, 1551, Кастельфранко соборундагы фреска фрагменттери; Тревизого жакын Мазерадагы Барбаро Вольпи вилласы) миф композициялары каймана фигуралар менен пейзаждарга айкалышып кетет. Станоктук сүрөттөрүндө (“Канндагы никелешүү”, 1563, Париждеги Лувр; “Дарийдин үй-бүлөсүнүн Александрга баш ийиши” 1565-жылдан кийин, Лондон, Улуттук гал.) адам менен тышкы коомдук чөйрөнүн карым-катышы чагылат. Бирин-экин портреттери (“Белла Нани”, 1550, Париж, Лувр; “Граф да Порто уулу Адриано менен”, 1556, Флоренция, Контини – Бонакоссини жыйнаган сүрөт) лиризмге каныккан. В-ге Кайра жаралуунун өкүлдөрүнүн дүйнөгө көз карашындагы кризистин таасири тийип, соңку чыгармаларында кургак салтанаттуулук, патетика күч алып кеткен: “Европаны урдоо”, 1580, Венеция, Дождор сарайы; “Агарь менен Исмаил чөлдө”, 1580, Тарыхый-көркөм музей. В-нин шакирттери: бир тууганы Бенедетто, уулдары Карло менен Габриеле.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Веронезе Паоло, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.