Быстровка кум-шагыл кени Чүй облусунун Кемин районунда, Кемин шаарчасынан 7 км чыгышта, деңиз деңгээлинен 1106 м бийиктикте.
1985-ж. чалгындалган. Кен аймагы Чүй дарыясынын өрөөнүнүн аллювий-пролювий чөкмөлөрү болгон кум-шагыл-койташ катмарынан түзүлгөн. Кум-шагылдын изилденген калыңдыгы 10–11,8 м. Орточо гранулометриялык курамы: 700 –70 мм – 38%, 70 –5 мм – 44%, 5 ммден майдасы – 18%. Кум-шагыл негизинен жанартоодон атылып чыккан (86%) тектерден турат. Кум-шагыл курулуш иштерине жана “300” маркадагы бетонго жарамдуу. Запасы А категориясы боюнча –414 миң м3, В–561 миң м3, С1–552 миң м3, А+В+С1–1527 миң м3. 1997-жылга карата баланстагы запасы: А–337 миң м3, В–561 миң м3, С1–552 миң м3, А+В+С1–1450 миң м3.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Быстровка кум-шагыл кени, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.