Билим берүү жагындагы мамлекеттик саясаттын принциптери - – билим берүүдөгү Кыргыз Республикасынын мамлекттик саясатынын артыкчылыктуу стратегиялык багыты.
Өлкөдө билим берүү эл аралык келишимдерде жана актыларда, Адам укуктарынын жалпы декларациясында жарыяланган принциптерге, демократияга жана элдин гумандуу дөөлөттөрүнө, дүйнөлүк маданиятка негизденет. КР Конституциясында (32-ст. ) КР жарандарынын билим алууга болгон укугу бекитилген. Негизги билим берүү милдеттүү жана акысыз, ар бир адам аны мамлекеттик окуу жайларында алууга акылуу.
Мамлекет ар бир адамдын жөндөмүнө жараша кесиптик, атайын орто жана жогорку билим алуусу үчүн мүмкүнчүлүктү камсыз кылат. Билим берүү жагындагы мамлекттик саясаттын принциптери мыйзамдар, жалпы мамлекеттик программалар, өкмөттүн токтомдору аркылуу, о. эле колунда болгон каражаттары менен колдоо көрсөтүү үчүн коомдук уюмдарды жана кыймылдарды, кеңири коомчулукту (массалык маалымат каражаттарын, коомдук академияларды, кесиптик ассоциацияларды, бирликтерди ж. б.) тартуу жолу менен ишке ашырылат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Билим берүү жагындагы мамлекеттик саясаттын принциптери, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.