Риман Георг Фридрих Бернхард (17.
9. 1826, Ганновер, Брезеленц кыштагы – 20. 6. 1866, Италия, Селаска) – немец математиги. 1846–49-жылдары Гёттинген, Берлин университеттеринде окуп, К. Гаусс, К. Якоби, П. Дирихледен таалим алган. Гёттинген университетинин профессор (1857). Риман аналитикалык функцияларга геометриялык түшүндүрмө берип, Риман беттери жөнүндө түшүнүктү, конформдук чагылдыруу жана ага байланыштуу топологиянын негиздерин иштеп чыккан. Алгебралык функциялар жана интегралдар теориясын, дифференциалдык теңдемелердин аналитикалык теориясын, сандардын аналитикалык теориясын, функциялардын тригонометриялык катарга ажыроочулугун изилдеген. Функционалдык жана топологиялык мейкиндиктерди жалпылап, математикалык мейкиндикке аныктама берген. Евклид, Лобачевский геометрияларындагы мейкиндиктерди сунуш кылган. Математикалык идеяларын физикалык мейкиндикти түшүндүрүүгө колдонуп, салыштырмалуулук теориясына жакындаган. Римандын эмгектери математика, физика, механикада кеңири колдонулат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Бернхард Риман, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.