Аялдын Жыныс Органдары

Аялдын жыныс органдары - көбөйүү кызматын аткаруучу мүчөлөр.

Алар ички жана сырткы болуп бөлүнөт. Ички жыныс органдар жыныс гормондорун бөлүп чыгарып, ал гормондор канга өтүп, организмдеги маанилүү процесстерди башкарат, аялга таандык экинчи белгилердин өсүп жетилишин жөнгө салат. Аларга : энелик без, жатын, жатын түтүкчөсү, жатын кыны, чоң жана кичине жыныс эрини кирет. Энелик без - жатындын эки жагында жайгашкан жуп жыныс бези. Ал жатынга кыймылдуу бекип турат. Анда жыныс клетка - энелик клетка өөрчүйт, ошондой эле жыныс органдары нормалдуу иштешине жана экинчилик жыныс белгилерине (үндүн өзгөрүшү, эмчектин чыгышы жана башка) таасир этүүчү гормонду иштеп чыгарат. Энелик бездин иши аялдын жашына жана бүткүл организмдин функциялык абалына жараша болот. Жатын түтүкчөлөрү энелик без сыяктуу эле жатындын эки жагында жайгашкан. Ал ич челинин бүктөмүнөн орун алган. Оң түтүкчө солго караганда узунураак. Эгерде уруктанган энелик клетка жатын түтүгүндө токтоп калса, жатындан тышкары бойго бүтүү болот (Жатындан тышкары бойго бүтүү). Жатын түтүгү түйүлдүктүн чоңоюшуна ылайыкталган эмес, ошондуктан ал жарылып кетиши мүмкүн. Жатын - булчуңдуу көңдөй орган (Жатын). Жатын кыны түтүк сымал, булчуңдуу, узундугу 79 см көңдөйчө. Ал үч катмардан турат. Аялдын сырткы жыныс органына чоң жана кичине жыныс эриндери кирет.

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

Tags:

Жыныс мүчөлөрү

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ҮркүнЖунгар хандыгыСейтек эпосуКаада-салтNintendo Entertainment SystemТерминдерСүрөКыргыз тилинин тарыхыАмерика Кошмо ШтаттарыКыргызстандын Орусияга каратылышыАсан КайгыМолдо НиязҮшүккө алдырууЕвропаЖарыктын дифракциясыЭр ТөштүкМуун (лингвистика)КөгүчкөнКартаФотоэффектЖыл сүрүүТабигый кырсыктарЖаз мезгилиРадиоактивдүүлүкВирусТабигый тандалууОкуу планыБайыркы Египет маданиятыБаш сөөкИсаков, Бектур СыдыковичАйыл чарбаАлфавитФразеологизмдерБөйрөкПингвинАкчаАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичСоциалдык тармакКыргызстандагы металлдарКурактык өзгөчөлүкТүштүк АмерикаМүнүшкөрТоктогул СатылгановКөз карандысыз Мамлекеттердин ШериктештигиШамалМеханикалык жумушТамактанууКыргыздын улуттук кийимдериТүшүндүрмө мүчөАфрикаКитепЛатын АмерикасыТоп гүлДифракцияКуранБиринчи жардамУкраинаАйкындоочЫсык-Көл ойдуңуБасым (физикалык)Маалымат технологиясыТилФранцияЭлектр каршылыгыМеталлОрганикалык химияУкук бузууФизиологияМанастын күмбөзүЭкологиялык факторлорБоз үйЖол кыймылынын эрежелериБалбай баатыр Эшкожо уулуИлбирсКасымалы ЖантөшевЗаара бөлүп чыгаруу системасыЭнесай Кыргыз кагандыгы🡆 More