Атоочтук түрмөк — өз ара тизмектешкен бир нече сөз мааниси жана грамматикалык жактан атоочтукка баш ийип, аны менен бекем байланышта тутумдашкан синтаксистик ажырагыс бирдиктүү тизмек.
Атоочтук түрмөктүн тутумундагы сөздөр маанилик жана грамматикалык жактан атоочтукка багыныңкы абалда туруп, аны менен бир бүтүндүктө ажырагыс тизмектешкендиктен, алар сүйлөмдүн синтаксистик бир гана мүчөсүнүн милдетин аткарышат, башкача айтканда структуралык жактан атоочтук түрмөк делип, синтаксистик жактан жайылма мүчө боло алат (мисалы, Кыздын кыя басканы - кылыктана сөз айтканы. Кулак угуп, көз көрбөс жерлер да бар).
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Атоочтук түрмөк, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.