Асанкан Жумакматов (16.06.1923 Ысык-Ата, Чүй району - 21.07.2008, Бишкек) - Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Мүнхендеги бүткүл дүйнөлүк музыка академиясынын академиги.
Дирижер Асанкан Жумакматов дүйнөлүк, орус, кыргыз классикасынан 50 чукул опера жана балеттин музыкасын оркестирлештирген.
1970-жылдан бери Кыргыз телерадиокомпаниясынын Академиялык симфониялык оркестрине көркөм жетекчи жана башкы дирижер болуп иштеп келген.
1995-жылдан бери Улуттук консерваторияда профессор.
Бир катар профессионалдык музыканттарды тарбиялаган.
Асанкан Жумакматов Улуу Ата мекендик согушка катышып “1-даражадагы Ата мекендик согуш”, “Кызыл жылдыз” ордендери, “Германияны жеңгендиги”, “Сталинградты коргоо” медалдары менен сыйланган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Асанкан Жумакматов, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.