АРХЕОЛОГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨ бир канча баскычтан турат: археол.чалгындоо, эстеликти казуу, табылгаларды иреттөө, доорун аныктоо ж.
б. Археол. казуу мезгилинде буюмдарды аныктоодо, диний ырым- жырымдарды археол.табылгалардын негизинде иликтөөдө, эстеликтин этностук тиешелүүлүгүн тактоодо тарыхый, этногр., лингвистикалык, фольклордук маалыматтар м-н салыштыруу археол. изилдөөнүн зарыл баскычы. Буюмдун кайсы доорго тиешелүү экендигин тактоодо табигый ил-дин жетишкендиктерин колдонуп, калий-аргондук, радиоуглероддук, дендохронологиялык аныктоо анализи жүргүзүлөт; ар кайсы жерден алынган металл буюмдар тобун спектрдик анализден өткөрүп, металлдагы кошулмалардын составын, кайсы жердеги кенден жасалгандыгын билүүгө болот.
Адамдын баш сөөгүнүн өзгөчөлүгүнүн негизинде антропологдор жынысын, жашын, расасын так аныктай алышат, айрым учурда кайсы тараптан ооп келген этномаданий топ экендигин аңдоого да болот. Тарыхты окуп-үйрөнүүдө археол.изилдөөлөрдүн мааниси зор. Адамзат коомунун алгачкы баскычынан тартып орто кылымдарга, жаңы мезгилге чейинки өнүгүү баскычтары, материалдык ж-а руханий маданияттын өнүгүшү, байыркы ж-а орто кылымдардагы этностор, кыргыз элинин этностук тарыхынын проблемалары ж-а алардын коңшу аймактардагы элдер м-н болгон көп кырдуу байланыштары өңдүү маселелерди чечмелөөдө А. и-нүн зарылчылыгы айкын.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Археологиялык изилдөө, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.